Akchabarsearch
Депутат чет элдик номерлүү унаалар боюнча маселелерди көтөрдү

Жарыяланган

2026-04-02, 12:54

Депутат чет элдик номерлүү унаалар боюнча маселелерди көтөрдү

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов чет элдик номурлүү унаалар боюнча маселе көтөрдү.

Ал биринчи маселе катары россиялык номурлуу унаалар айып короолордо токтоп турганын айтып, аларды чыгарып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү керектигин билдирди.

“Аларга унааларын чыгарып алууга мүмкүнчүлүк бериңиздер, кандайдыр бир сумманы төлөшсүн, легалдаштырып алышсын,” — деди Бекешов.

Экинчи маселе катары ал Казакстан жана Россияда жашаган кыргызстандыктар чет өлкөдө катталган унаалары менен өлкөгө кире албай жатканын белгиледи.

Унаалар Кыргызстанда калып калбаш үчүн аларды каттоодон өткөрүп, бир айдан ашпаган убакытка жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштады.

 


Тектеш материалды окуу