
Жарыяланган
2025-28-10, 15:46Чет өлкөдөн каттоодон чыгарылып Кыргызстанга алып келинген унаа 10 күн ичинде каттоого турушу керек. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Эгер унаа өз убагында катталбаса, темир тулпар айып короого коюлуп, ээсине айып пул салынат.
Ошондой эле, эгер унаанын терезелери караңгылатылган болсо, ага уруксат алуу же сыйрып салуу керек. Болбосо 20 миң сом айып пул каралган.

