
Жарыяланган
2026-22-05, 16:19Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция боюнча маалымат бере турган мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды. Ал Европа Биримдигинин колдоосу менен ICMPD тарабынан ишке ашырылып жаткан “PROTECT” долбоорунун алкагында түзүлдү.
Борбор Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун имаратында жайгашкан. Анда жарандар коопсуз миграция, чет өлкөдө иштөө, эмгек укуктары жана мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери боюнча маалымат жана консультация ала алышат.
Ошондой эле жарандар үчүн чет өлкөгө кетүүгө чейинки багыт берүүчү жолугушуулар жана тренингдер уюштурулат.
Эске салсак, өлкөдөгү алгачкы мындай борбор Ош шаарында 2024-жылдын март айында ачылган. Андан бери борбор 21 миңден ашуун жаранга кеңеш берип, бош орундар жарманкелерин өткөрүүгө жетишкен.
Белгиленгендей, Бишкектеги борбор да ушундай кызматтарды туруктуу негизде көрсөтө баштайт.

