Akchabarsearch
Москвада кыргызстандыктарга 3,6 млн рубль эмгек акы карызы толугу менен төлөндү
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-17-09, 15:55

Москвада кыргызстандыктарга 3,6 млн рубль эмгек акы карызы толугу менен төлөндү

Кыргызстандын 16 жараны эмгек акысынын төлөнбөгөндүгү боюнча кайрылуусунан кийин, Эмгек министрлигинин Россия федерациясындагы Өкүлчүлүгү  тарабынан ООО «Комплекс Инжиниринг» жетекчилиги менен иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, кыргызстандыктардын эмгек акысы толугу менен төлөндү. Анын жалпы суммасы 3 млн 600 миң рублди түздү.

Аталган министрлик социалдык-эмгек укуктары бузулган кыргыз жарандарын Москвада тиешелүү консультация жана укуктук колдоо алуу үчүн Россия Федерациясындагы Министрликтин Өкүлчүлүгүнө кайрыла алышарын белгиледи.
 


Тектеш материалды окуу