Akchabarsearch
Чыңгыз Мендекеев «АБанк» ААКнын Башкармасынын төрагасы болуп дайындалды

Жарыяланган

2026-14-08, 15:16

Чыңгыз Мендекеев «АБанк» ААКнын Башкармасынын төрагасы болуп дайындалды

«АБанк» ААКсы Чыңгыз Мендекеев Банк башкармасынын төрагасы болуп дайындалганын маалымдайт.

Чынгыз Мендекеев банк секторунда, аудит, маалыматтык технологиялар, маалыматтык жана киберкоопсуздук багыттарында 15 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбага ээ. Кесиптик ишмердүүлүгүндө ал тобокелдиктерди башкаруу, ички жана IT-аудит, маалыматтык коопсуздук, санариптик технологиялар жана бизнес-процесстерди өркүндөтүү багыттарында кеңири тажрыйба топтогон. 

Чынгыз Мендекеев банк секторундагы кесиптик жолун IT жана маалыматтык коопсуздук багыттарынан баштаган. «Оптима Банк» ААКМанын алыматтык коопсуздук башкармалыгынын башчысы жана IT-аудитор кызматтарын аркалаган. Кийин KICB банкында Маалыматтык коопсуздук башкармалыгын жетектеп, маалыматтык ресурстарды коргоо системасын өнүктүрүүгө жана банктык инфраструктуранын туруктуулугун камсыз кылууга жооп берген. 

Ошондой эле Мендекеев «Керемет Банк» ААКнын IT-аудитор болуп иштеп, KPMG жана ANSAR Accountants компанияларында эл аралык аудит жана консалтинг чөйрөсүндө тажрыйба топтогон. Мындан тышкары, Түркиядагы Ziraat Bankта кесиптик стажировкадан өткөн. 

IT-аудит, тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук багыттарындагы кошумча кесиптик билим алуусу ага заманбап финансылык мекемени башкарууга комплекстүү мамилени калыптандырууга мүмкүндүк берди. Мында технологиялык туруктуулук, тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана ички процесстердин сапаты өзгөчө мааниге ээ. 

Жаңы кызматында Чыңгыз Мендекеев АБанктын стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашырууга, банктын ишинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатууга жана анын туруктуулугун бекемдөөгө басым жасайт. 

Иштин негизги багыттарынын катарында санариптик трансформацияны өнүктүрүү, бизнес-процесстерди өркүндөтүү, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, тобокелдиктерди башкаруу жана маалыматтык коопсуздук системаларын бекемдөө, ошондой эле банктын технологиялык инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү каралган. 

Өзгөчө көңүл операциялык натыйжалуулукту жогорулатууга жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө бурулат. Бул АБанкка финансылык рыноктогу өзгөрүүлөргө ийкемдүү жооп берүүгө, кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана туруктуу узак мөөнөттүү өсүш үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. 

«Бүгүнкү күндө АБанктын алдында банкты мындан ары өнүктүрүүгө, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана анын өлкөнүн экономикасындагы ролун бекемдөөгө байланышкан масштабдуу милдеттер турат. Кесипкөй командабыздын, топтолгон тажрыйбанын жана заманбап технологиялардын айкалышы стратегиялык артыкчылыктарды ырааттуу ишке ашырып, алдыга жылууга мүмкүндүк берет деп ишенем. Биздин негизги милдетибиз — кардарлардын, өнөктөштөрдүн жана мамлекеттин күтүүлөрүнө жооп берген ишенимдүү, заманбап жана натыйжалуу банкты түзүү», — деп белгиледи «АБанк» ААКнын Башкармасынын төрагасы Чыңгыз Мендекеев. 

АБанк финансылык жана технологиялык туруктуулугун бекемдөө, санариптик өнүмдөрдү жана сервистерди өнүктүрүү, кардарлардын тажрыйбасынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле бизнести жана Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча ишин улантат. 

Улуттук банкынын №048 лицензиясы 


Тектеш материалды окуу