
Жарыяланган
2026-14-08, 15:00Кыргызстанда 1-октябрда пенсияны көбөйткөндөн кийин баккан адамынан ажырагандыгы жана майыптыгы боюнча пенсия алгандардын акчасы минималдуу пенсияга жетпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, 1-октябрда пенсия алып жаткандардын баарынын акчасы көбөйтүлөт. Ошондо эң аз пенсия 8.8 миң сомду түзүп калат. Бирок баккан адамдан ажырагандыгы жана үчүнчү топтогу майыптыгы боюнча пенсия алгандардыкы ал суммага жетпей калышы ыктымал. Себеби алар үчүн эсептөө башкача жүргүзүлөт.
Ал билдиргендей, мисалы, баккан адамынан ажырагандыгы үчүн пенсия алгандарга: бир бала болсо, ага каза болгон баккан адамынын пенсиясынын 50%ы, эки бала болсо, 90%ы төлөнөт.
"Пенсиясы 8.8 миң сомго (минималдуу пенсияга) жетпей калышы мүмкүн" деген сөз ушул эки категорияга тиешелүү болот. Ал эми калган пенсионерлердин пенсиясы 20%га, ошол эле учурда эң аз 1000 сомго, эң көп 10 миң сомго көбөйтүлөт.



