Akchabarsearch
Кыргызстанда суунун үстүндө калкып туруучу 15 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-12-11, 17:04

Кыргызстанда суунун үстүндө калкып туруучу 15 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда суунун үстүнө калкып туруучу, кубаттуулугу 15 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, станция «Чакан ГЭС» ААКсына караштуу ГЭС-5тин аймагында курулат. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Учурда долбоорду даярдай турган компания тандалууда. Тендерге ар кайсы өлкөлөрдөн 22 компания катышууга арыз берген. Алардын ичинен алты компания кийинки этапка өтүп, сунуштарын берүүгө чакырылган.

Белгилей кетсек, ГЭС-5те буга чейин да суунун үстүнө күн панелдери орнотулган. Кубаттуулугу 0.1 МВт болгон чакан станция 2024-жылдын март айында ишке кирген.

Ал 2024-жылы 133.9 миң кВт·саат, 2025-жылы 141.1 миң кВт·саат, ал эми 2026-жылдын он айында 132.5 миң кВт·саат электр энергиясын өндүргөн.

Мындай күн станциялары жер аянтын ээлебейт, суунун бууланышын азайтат жана ГЭСтин учурдагы жабдууларын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.


Тектеш материалды окуу