
Жарыяланган
2026-08-07, 12:42Кыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд 99 млн кВт⋅саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык кабинет» долбоорунда билдирди.
Анын айтымында, учурда электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жана даярдык иштери жүрүп жатат. Импорт өлкөдөгү электр энергиясына болгон керектөөнү жабуу жана күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн керек.
«Быйыл коңшу мамлекеттерден 4 млрд 99 млн кВт⋅саат электр энергиясын алуу пландалууда. Бул багытта иштер жүрүп жатат», — деди министр.
Министрдин белгилегендей, энергетика тармагынын негизги максаты бул калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
Ошондой эле, 2026-жылдын январь-май айларында өлкөдө электр энергиясын керектөө көлөмү 8.5 млрд кВт⋅саатты түзгөнү айтылды.



