
Жарыяланган
2026-21-04, 14:10“Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору электр жабдууларын сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Бул жолу 35 кВ кубаттуулуктагы 16 МВА күч трансформаторлору алынат. Долбоорго 129.7 млн сом сарптоо пландалууда. Тендерге катышууну каалагандар сунуштарын 19-майга чейин бере алышат.
Жабдуулар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Дачное айылындагы ГЭС-5 аймагындагы Улуттук электр тармагынын кампасына жеткирилет. Жеткирүү мөөнөтү — келишим түзүлгөндөн кийин 100 күн.
Тендерге катышкан компаниялардын тажрыйбасы, салыктар боюнча карызы жок болушу жана жетиштүү акчалай мүмкүнчүлүгү бар экени талап кылынат.
Сатып алынган жабдууларга 5 жыл кепилдик берилиши керек. Төлөм товар толук кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.



