
Жарыяланган
2026-12-11, 16:51«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы 2026-жылдын тогуз айында 4.2 млрд сом таза киреше тапты. Компания жыл аягына чейин бул сумманы 5 млрд сомго жеткирүүнү пландоодо.
Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Ачык кабинет» иш-чарасында «Акчабарга» билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү аэропорттордун ичинен «Манас» жана «Ош» аэропорттору гана киреше алып келет. Калган тогуз аэропорт чыгым менен иштеп, каржылык колдоого муктаж.
Ошондой эле Самидинов ички каттамдардын ичинен Бишкек — Ош багыты гана кирешелүү экенин белгиледи.
Ал эми башка ички каттамдарда билет сатуудан түшкөн акча учуу чыгымдарын жаппайт. Ал эми башка социалдык маанилүү ички каттамдарда билеттин баасы учуу чыгымдарын жаппагандыктан, мамлекет Avia Manas авиакомпаниясына каржылык колдоо көрсөтүп келет.
Белгилей кетсек, 2025-жылы «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын таза кирешеси 4 млрд сомдон ашкан.



