Akchabarsearch
"Кыргызстан аэропортторунун" төрагасы: 100 миң сомдон ашык айлык алам бирок ал мага жетпейт

Жарыяланган

2026-11-11, 18:04

"Кыргызстан аэропортторунун" төрагасы: 100 миң сомдон ашык айлык алам бирок ал мага жетпейт

«Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын төрагасы Манасбек Самидинов канча айлык аларын жана ал каражат жашоосуна жетеби деген суроого жооп берди.

Самидиновдун айтымында, анын айлык акысы 100 миң сомдон ашат. Бирок үй-бүлөсү чоң болгондуктан, бул каражат бир айлык чыгымдарына жетпейт.

«Менин айлыгым 100 миң сомдон ашат. Бирок ал мага жетпейт. Себеби менин үй-бүлөм чоң. Баары билгендей, менин бизнесим бар. Бул кызматка ишкерликтен келгем», — деди ал.

Ошондой эле Самидинов жеке бизнесинин аэропорт тармагына эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи. Анын айтымында, бизнеси башка тармакта иш алып барат жана ал жактан дивиденд түрүндө кошумча киреше алып турат.


Тектеш материалды окуу