Жарыяланган
2025-08-09, 16:00Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Нарын шаарында “Нарын” жана “Казарман” аэропортторунун ачылышында бардык аэропорттордун жанданып, иштей баштай турганын билдирди.
Мамлекет башчысы Нарын менен Тогуз-Торо районунун өнүгүшү үчүн реконструкцияланган аэропорттордун ачылышы маанилүү экенин белгилеп, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок шартта аба каттамдары дүйнөлүк байланыштарды бекемдөөгө чоң салым кошорун айтты.
Ал ошондой эле “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун иши жигердүү жүрүп жатканын, өлкө аэропортторунун инфратүзүмү жаңыланып, маршруттар кеңейип жатканын баса белгиледи.
Өткөн жылы “Талас” жана “Каракол” аэропорттору ишке берилсе, “Ош” менен “Тамчы” аэропортторунда жаңы терминалдар курулуп, “Манас” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейтилип жатат.
Жапаров ачылган эки аэропорттун бардык иштери “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын өз каражаты менен жүргүзүлгөнүн айтты. Компания ири долбоорлорго 8 млрд 175 млн сом бөлүп, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө 3 млрд 356 млн сомго техника жана жабдуулар сатып алган.
Ошондой эле быйыл эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Жалал-Абад” эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды.