
Жарыяланган
2026-03-02, 17:20Бишкекте чатырында тик учак конуучу аянтчасы бар, авиациялык стилдеги 25 кабаттуу жаңы бизнес-борбор курулат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Авиатор” деп аталган долбоор ишкердик инфраструктураны, мейманкана сервистерин жана авиациялык эстетиканын элементтерин айкалыштырат. Комплексте кеңселер, бизнес аянтчалар, ресторандар, бутиктер жана отель жайгашат. Долбоордун өзгөчөлүгү — имараттын чатырында тик учак конуучу аянтчанын болушу.
Ошондой эле “Asman Airlines” компаниясы Бишкек жана жакын райондордо тик учак каттамдарын ишке киргизүүнү пландап жатат.
“Кыргызстан аэропортторунун” башчысы Манасбек Самидинов “Авиатор” борбору инновацияга ачык, заманбап жана динамикалуу Бишкек шаарынын символу болууну көздөй турганын белгиледи.

