
Жарыяланган
2025-11-03, 10:20Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кореяда жасалган эки тик учак сатып алууну пландоодо. Мекеменин орун басары Эделбек Кулматовдун айтымында, техника издөө-куткаруу иштерине колдонулат.
Тик учактар түнкүсүн, аба ырайы начар учурда да учуп, тоолуу аймактарда иштей алат. Ошондой эле алар 2,5 тоннага чейин жүк ташууга жөндөмдүү жана өрттү өчүрүү үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган.
Баасы 71 миллион долларды түзөт. Тик учактарды Түштүк Корея Кыргызстанга бере турган кредиттик каражаттардын бир бөлүгүнө сатып алуу пландалууда.



