Akchabarsearch
Таласта жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркады
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-31-03, 09:05

Таласта жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркады

Талас облусунда 28-мартта эки жолу болгон жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 31и камсыздандырылган. Жабыркаган үйлөрдүн теңинен көбү Көпүрө-Базар айылында, калгандары Арал, Үч-Эмчек, Талды-Булак, Манас, Көк-Ой айылдарында аныкталган.

Эске салсак, 28-мартта Таласта күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон. Силкинүү Бишкек шаары менен Чүй облусунда дагы сезилген.


Тектеш материалды окуу