Akchabarsearch
Оштогу жер титирөөнүн кесепетинен социалдык мекемелер жана турак жайлар жабыркады
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-13-03, 11:00

Оштогу жер титирөөнүн кесепетинен социалдык мекемелер жана турак жайлар жабыркады

12-мартта саат 9:11де Ош облусунда катталган жер титирөөнүн кесепетинен облус боюнча жалпы 25 үй, 12 мектеп, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анын ичинде Алай районунда 13 үй жабыркаган, бири кооптуу абалда, Жаңы-Алай айылында үйлөрдүн дубалдарында жарака пайда болгон.

Кара-Суу районунда 12 мектеп, 12 үй, 1 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.

Кечээ Ош облусунда жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген.


Тектеш материалды окуу