
Жарыяланган
2026-06-03, 09:25Президент Садыр Жапаров “ вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкты” деген маалымат боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берди.
Ал ага Ажиевдин апасы кайрылганын билдирди.
“Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук.
Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз", - дейт Жапаров.
Мамалекет башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бул жерде эч кандай күнөөсү жок экенин айтты.
"Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок.
Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да.
Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз”, - деди президент.



