Akchabarsearch
Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 120%дан 39%га чейин азайды

Жарыяланган

2026-21-07, 14:29

Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 120%дан 39%га чейин азайды

Кыргызстандын тышкы карызы ИДПнын 39%ына чейин төмөндөдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 120%ын түзсө, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 39%га чейин азайды.

Президент өкмөт алдына мамлекеттик карызды ИДПнын 50%ынан ашырбоо милдетин койгонун билдирди.

“Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат” - деп белгиледи мамлекет башчы.

Ошондой эле ал айрым өлкөлөрдүн мамлекеттик карызы ИДПсынын 100%ынан ашканын белгилеп, Кыргызстан мындай тажрыйбаны үлгү кылбашы керектигин айтты.
 


Тектеш материалды окуу