
Жарыяланган
2026-12-05, 10:50Пайыздык чендердин жогорулашынан улам дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик карыз боюнча төлөгөн пайыздык чыгымдары кескин көбөйдү. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 2024-жылы бул чыгымдар 500 млрд долларга өсүп, жалпысынан 1.5 трлн долларга жетти. Бул дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 0.5%ына барабар.
Ошол эле учурда өлкөлөрдүн мамлекеттик карызы да өсүүдө. Өнүккөн мамлекеттерде карыздын ИДӨгө карата үлүшү 2019-жылдагы 104%дан 2024-жылы 115%га чейин көбөйдү. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч 56%дан 70%га жетти.
Адистердин айтымында, карызды тейлөөгө кеткен акча көбөйгөн сайын өкмөттөрдүн экономикага, инфраструктурага жана башка өнүктүрүү долбоорлоруна каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү азаят.
Мындан тышкары, көптөгөн өлкөлөр дүйнөлүк пайыздык чендерге жана карыз алынган валютанын курсуна көз каранды. Айрыкча АКШ доллары менен карыз алган мамлекеттер үчүн доллардын 2025-жылы арзандашы бюджетке болгон басымды убактылуу жеңилдетти. Бирок адистер бул таасир кыска мөөнөттүү экенин белгилешет.
“Дүйнөлүк рыноктордогу белгисиздик сакталып турган шартта, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн мамлекеттик каржысына байланышкан тобокелдиктер дагы эле жогору” – деп белгилейт ЕАӨБ.


