
Жарыяланган
2025-18-12, 15:56Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Камбар-Ата ГЭС-1 курулушуна катышууга даяр. Бул тууралуу банктын төрагасынын орун басары Руслан Даленов Алматыдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай ири долбоорлор синдикат (бир нече банк же уюм биригип, долбоорду чогу каржылайт) аркылуу ишке ашат. Долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен, банк каржылоонун жеңилдетилген шарттарын да кароого даяр.
Ошондой эле ал долбоор Кыргызстан үчүн да, өнүктүрүү банкы үчүн да ири инвестициялык долбоор экенин кошумчалады.
«Биз, албетте, бул долбоорду карайбыз. Биз буга чейин да сунуштарды берип келгенбиз жана берүүгө даярбыз. Синдикаттар, өкмөттөр жана долбоорду ишке ашыруучу компания макулдашса, биз катышууга даярбыз», — деди ал.

