
Жарыяланган
2026-17-03, 15:31Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматында бир катар мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда жарандардын өлкөдөн чыгышына убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана алып салуу, карыздар тууралуу алдын ала маалымдоо маселелери талкууланды.
Сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана заманбап санариптик ыкмаларды колдонуу маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун алкагында жарандарга чектөөлөрдү текшерүүгө мүмкүндүк берген QR-код жана маалыматтык видеоролик тааныштырылды.

