Akchabarsearch
Президент: Пенсия курагындагы мугалимдер жаштарга орун бериши керек

Жарыяланган

2026-26-10, 11:01

Президент: Пенсия курагындагы мугалимдер жаштарга орун бериши керек

Президент Садыр Жапаров жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүүнү карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин мектептердеги бош орундарга атаандаштык күчөгөн.  Ошондой эле пенсия курагындагы мугалимдердин арасында 68-70 жашка чыккандар бар. Ал эми, тоолуу аймактарда пенсия курагы 45-50 жаштан башталат. 

Министрдин айтымында, Эмгек кодексине ылайык, пенсияга чыккан мугалимдерди өз каалоосу менен кетмейинче жумуштан бошотуу кыйын. Айрым учурларда жумуштан бошотулган мугалимдер сотко кайрылып, кайра кызмат ордуна кайтып келген учурлар да бар.

Буга байланыштуу президент кезекте турган жаш мугалимдер көп болсо, маселени мыйзамдык негизде чечүү керектигин белгиледи. Ал Жогорку Кеңеш менен биргеликте Эмгек кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү карап чыгууну тапшырды.
 


Тектеш материалды окуу