Akchabarsearch
Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен барды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-08-10, 13:21

Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-октябрда иш сапар менен Түркмөнстанга барды. Ал Түркмөнбашы шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.

Түркмөнбашы эл аралык аэропортунан президентти Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.

Ошол эле күнү Садыр Жапаровду Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов расмий тосуп алды. Андан соң мамлекет башчылары биргелешип сүрөткө түшүп, жыйындар залына өтүштү.

Жолугушууга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышууда.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына да катышып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Тектеш материалды окуу