
Жарыяланган
2026-06-10, 09:25Президент Садыр Жапаров «Бишкек Арена» стадиону орточо, атүгүл ири завод сыяктуу киреше алып келерин айтты.
Бул тууралуу ал стадиондун ачылыш аземинде билдирди.
Жапаровдун айтымында, акыркы алты жылда Кыргызстанда 1075 социалдык объект, анын ичинде мектеп, бала бакча, оорукана жана маданият жайлары курулган. Ошондой эле 521 завод-фабрика ачылган.
«Бул стадион дагы ошолордун катарына кирет. Ал орточо, атүгүл ири заводдон кем эмес киреше алып келет», — деди президент.



