
Жарыяланган
2026-21-07, 12:46Коңшу мамлекеттер менен чек ара тилкелерин тактоо иштеринен кийин Кыргызстандын аймагы 15 миң 572 гектарга көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.
Анын маалыматына ылайык, 2020-жылга чейин өлкөнүн жалпы аянты 19 млн 994 миң гектарды түзгөн. Учурда Кыргызстандын аймагы 20 млн 9 миң 572 гектарга жетти. Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактар.
Өлкөдө жалпы 6 млн 732 миң гектар айыл чарба багытындагы жер бар. Анын 1 млн 82 миң гектары жарандардын жеке менчигинде пайдаланылат.
Ошондой эле республикадагы 18 млн 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. Анын 18 млн 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык жерлерге тиешелүү.


