Akchabarsearch
Кызыл-Кыя шаарынын тургундары жер маселесин көтөрүштү

Жарыяланган

2026-04-02, 17:37

Кызыл-Кыя шаарынын тургундары жер маселесин көтөрүштү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов бүгүн Кызыл-Кыя шаарында жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүк билдирди.

Кабыл алууга облус прокурору Абай Молдакматов жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Жукенов катышып, жарандардын суроолоруна түшүндүрмө беришти.

Жолугушууда Кызыл-Кыя шаарын өнүктүрүүгө байланышкан бир катар маселелер көтөрүлдү. Алардын арасында аэропорт куруу, Баткен–Бишкек багытында темир жол каттамын ачуу жана шаарды газ менен камсыз кылуу сунуштары айтылды. 

Ошондой эле, 6 миң 500 жаран турак жай куруу үчүн жер алууга кезекте турганы айтылып, жер берүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Мындан тышкары, жарандар ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жеңилдетилген насыяларды алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү маселелерин да көтөрүштү .

Жыйынтыгында облус жетекчиси жарандардын бардык кайрылуулары көзөмөлгө алынып, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилерин белгиледи.

 


Тектеш материалды окуу