
Жарыяланган
2026-11-03, 13:47Өлкөдө айыл чарбасын модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектар айыл чарба аянты тейленип, 120дан ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. Фермерлерге заманбап техника берилет, “акылдуу” теплицалар жана кургакчылыкка чыдамдуу жаңы сорттор колдонулат.
Министрлик белгилегендей, инновация, кооперация жана экологиялык жоопкерчилик айкалышкан учурда гана айыл чарба тармагы туруктуу өнүгүүгө жетет.


