
Жарыяланган
2026-13-10, 09:36Кадамжай сурьма комбинаты бир жарым жылдын ичинде толук кубаттуулукта иштей баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, комбинат мурда инвесторлордун карамагында болгон, кийин мамлекеттин карамагына алынган. Ишкананын толук кандуу иштеши үчүн бир жыл же бир жарым жылдай убакыт керек.
Жолугушууда Кадамжай шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ураимберди Бакиров комбинаттын мурдагы профилакторийин калыбына келтирүүнү өтүндү. Анын айтымында, ал жерде дарылоочу баткак болгон жана үч кабаттуу имарат элдин ден соолугун чыңдоочу жай катары колдонулган. Ал имаратты кайра иштетип, жабдууларын жаңылоого жардам берүүнү суранды.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.



