
Жарыяланган
2026-30-10, 10:50Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинде тапшырды.
Садыр Жапаровду сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган.
Президент бул сыйлыкты жеке өзүнө гана эмес, кыргыз элинин түрк мамлекеттеринин биримдигин бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген баа катары кабыл аларын билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров сыйлык үчүн түрк мамлекеттеринин лидерлерине ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.



