Akchabarsearch
«Кыргызстан аэропортторунун» өндүрүш директору алмашты

Жарыяланган

2025-03-09, 13:51

«Кыргызстан аэропортторунун» өндүрүш директору алмашты

1-сентябрдан тартып ОАО «Кыргызстан аэропорттору» башкармалыгынын мүчөсү, өндүрүш боюнча директор Жанат Шамшиевдин ыйгарым укуктары токтотулду.Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Анын ордуна Талайбек Жаткамбаев дайындалды.

Бул чечим 2025-жылдын 29-августунда компаниянын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Эки жетекчинин тең уставдык капиталдагы үлүшү жок.

Эскерте кетсек, Ж.Шамшиев 2024-жылдын 22-октябрында «Манас» эл аралык аэропорту ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен өндүрүш боюнча директор, башкармалыктын мүчөсү болуп шайланган.
 

 


Тектеш материалды окуу