Akchabarsearch
Алиев: Эң көп пенсияны соттор эмес, бизнес, тоо-кен тармагында иштеп пенсияга чыккандар алат

Жарыяланган

2026-12-11, 17:05

Алиев: Эң көп пенсияны соттор эмес, бизнес, тоо-кен тармагында иштеп пенсияга чыккандар алат

Эң көп пенсияны соттор эмес, бизнес, тоо-кен тармагында иштеп пенсияга чыккандар алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, азыр өлкөдө 50 мин сомдон ашык пенсияны 6 миңден ашык пенсионер алат.

Алиев Кыргызстанда эң көп пенсия канча сомду түзө турганын эсинде жок экенин айтты.

Ал билдиргендей, эң көп пенсияны соттор эмес же мамлекеттик кызматкерлер эмес, бизнес, тоо-кен тармагында иштеп пенсияга чыккандар алат. Себеби алар Соцфондго убагында көп акча которгон. Көп пенсия алгандардын арасында мамлекеттик кызматкерлердин үлүшү 1-3%ды түзөт. 
 


Тектеш материалды окуу