Жарыяланган
2025-15-09, 18:00Быйыл сегиз ай ичинде республикалык бюджеттен Чүй облусуна 1 млрд 804.3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен: Теңдөөчү трансфертге – 85.9 млн сом, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 12.8 млн сом, электр энергияга 50% компенсация – 1.5 млн сом, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 11.3 млн сом, муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого - 1 млрд 201.9 млн сом, мектепке чейинки мекемелерди каржылоого – 9.3 млн сом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык - 150.7 млн сом, Чуй облусунун шаарларын өнүктүрүү программасына – 164 млн сом каржыланган.
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 166.9 млн сом бөлүнгөн.