Akchabarsearch
Нарынга республикалык бюджеттен 540 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-15-09, 16:47

Нарынга республикалык бюджеттен 540 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Быйыл сегиз ай ичинде Нарын облусуна республикалык бюджеттен жалпы 540.3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен: теңдөөчү трансфертке — 271 млн сом, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарга — 9.7 млн сом, электр энергиясына 50% компенсация катары — 53.7 млн сом, калктуу конуштардын башкы планын түзүүгө — 26 млн сом, муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого — 84.8 млн сом, мектепке чейинки мекемелерди каржылоого — 9.3 млн сом, Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык — 21 млн сом бөлүнгөн.

Андан сырткары, айыл өкмөттөрдүн электр энергиясына кеткен чыгымдарын жабууга республикалык бюджеттен 64.8 млн сом бөлүнүп берилген.
 


Тектеш материалды окуу