Akchabarsearch
Нарын: Ак-Талдагы бала бакчанын курулушу аяктап калды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-21-10, 15:37

Нарын: Ак-Талдагы бала бакчанын курулушу аяктап калды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында 90 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 77 миллион сомду түзгөн эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 892 чарчы метрди түзөт.

Имаратта балдар үчүн уктоо, ойноо, тарбиялык сабак өтүүчү бөлмөлөр жана ашкана каралган. Ошондой эле сыртка ойноо аянтчасы да салынган.
 


Тектеш материалды окуу