
Жарыяланган
2026-13-01, 09:31Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылына жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулушуна мамлекеттик казынадан 53 миллион сом бөлүнгөн.
Имараттын жалпы аянты 1078 чарчы метрди түзөт. Долбоор боюнча бала бакча эки кабаттан турат, курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылган.
Балдар үчүн уктоо, тарбиялык саат өтүү, ашкана жана дарыгердин бөлмөсү каралган.



