Akchabarsearch
Ысык-Көл: Ырдык айылында 110 млн сомго бала бакча курулууда

Жарыяланган

2026-19-05, 16:13

Ысык-Көл: Ырдык айылында 110 млн сомго бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 140 орундуу бала бакча салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 110 миллион сомду түзөт. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1 миң 268 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу, 3 блоктон турган имарат курулууда. Учурда курулуш иштеринин 46%ы аткарылып, ички курулуш-монтаждоо иштерин баштоо алдында турат.

Жаңы бала бакчада балдардын тарбиялык сабак өтүүчү, уктоочу жана дарыгердин бөлмөлөрү заманбап шартта жабдылат. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампасы, ашкана, оюн бөлмөлөрү жана музыкалык-гимнастикалык сабактар өтүүчү залдар каралган.
 


Тектеш материалды окуу