
Жарыяланган
2026-27-04, 13:19Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтү Өрүктү айылындагы бала бакчаны оңдоого 14.6 млн сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Сунуштар 2026-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат. Жеңүүчү компания курулуш иштерин келишим түзүлгөндөн кийин эки ай ичинде бүтүрүшү керек.
Каражат компания иштерди толук бүткөргөндөн кийин берилет, ага чейин подрядчы бардык оңдоо иштерин өзүнүн акчасына жүргүзөт.
Тендерге катышуу үчүн компаниялар акыркы жылдары кеминде 12 млн сомдук окшош долбоорлорду аткарган болушу керек. Ошондой эле жумушту баштоо үчүн кеминде 7 млн сом каржылык мүмкүнчүлүгү болушу талап кылынат. Катышуучуларда салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыз болбошу керек жана тиешелүү лицензиясы, техникасы болушу зарыл.
Подрядчы объектке 10 жылдык кепилдик берүүгө милдеттүү, ал эми инженердик системаларга кепилдик мөөнөтү 2 жыл деп белгиленген.



