
Жарыяланган
2026-22-05, 14:16Ноокат районунун Додон айылында 75 балага ылайыкталган бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоордун жалпы наркы 83 миллион сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.
Башкы планга ылайык имараттын жалпы аянты 625 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда тарбиялык саат өтүүчү, уктоочу жана ойноочу бөлмөлөр каралган. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампа жана ашкана болот.
Мындан тышкары, бала бакчанын айланасына оюн аянтчасы жана эс алуу зонасы курулат.



