Akchabarsearch
Ош шаарында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Жарыяланган

2026-13-08, 13:10

Ош шаарында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Абдыкапар Базаров көчөсү, №53/1 дарегинде 75 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1118.5 чарчы метрди түзөт. Долбоордо заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр, жылытуу системасы каралган. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы курулат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аймакта буга чейин чакан жана эскирген бала бакча иштеп келгендиктен, жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесине муктаждык жогору болгон.

Мындан тышкары, аймактагы көп жылдан бери чечилбей келген таза суу маселеси да жакында толугу менен жөнгө салынган.
 


Тектеш материалды окуу