Akchabarsearch
Талас: Кара-Арча айылында 30 млн сомго бала бакча курулду
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-21-07, 16:28

Талас: Кара-Арча айылында 30 млн сомго бала бакча курулду

Талас облусунун Манас районундагы Кара-Арча айылында 50 орунга ылайыкталган бала бакча курулду. Анын курулушуна 30 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2025-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда негизги курулуш иштери аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы бала бакчада уктоочу бөлмөлөр, тарбиялык сабактар өтүлүүчү бөлмөлөр, медициналык кабинет, ашкана жана кабыл алуу бөлмөсү каралган.


Тектеш материалды окуу