Akchabarsearch
Баткендеги Жаңы-Достук айылында 64 млн сомго бала бакча курулууда
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-27-04, 12:50

Баткендеги Жаңы-Достук айылында 64 млн сомго бала бакча курулууда

Баткен районунун Жаңы-Достук  айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин наркы 64 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Башкы план ылайык жалпы аянты 988 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Учурда эки кабаттын колонна орнотуу иштери аяктап, бетон төшөлүүдө.

Курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.

 


Тектеш материалды окуу