Akchabarsearch
Балыкчынын Көк-Мойнок-1 айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Жарыяланган

2026-04-02, 16:05

Балыкчынын Көк-Мойнок-1 айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-1 айылында 60 орунга ылайыкташылган бала бакча салынып баштады. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясы билдирди.

Бул жерде бала бакчанын жетишсиздиги жергиликтүү тургундар үчүн көптөн бери чечилбей келген орчундуу көйгөйлөрдүн бири болчу.

Бала бакчанын жер тилкеси 35 сотыхты, имараттын жалпы аянты 650 чарчы метрди түзөт. Имарат 2 кабаттуу болуп долбоорлонгон жана 60 балага ылайыкташкан.

Курулуш иштерине Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 67 млн сом каралган.

Учурда долбоордук-сметалык иш-кагаздары параллелдүү түрдө даярдалып, курулуш иштери жүрүп жатат.

 


Тектеш материалды окуу