Akchabarsearch
Өзгөн районунун Алга айылына 68 млн сомго бала бакча салынды

Жарыяланган

2025-15-12, 16:15

Өзгөн районунун Алга айылына 68 млн сомго бала бакча салынды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алга айылында 68 миллион сомго бала бакча курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат 90 балага ылайыкталып, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Бала бакчанын жалпы аянты 1867 чарчы метрди түзүп, ал эки кабаттан турат.

Объекттин курулуш иштери 2024-жылы башталган.

 


Тектеш материалды окуу