Akchabarsearch
Чүйдө айнек чыгарган жаңы ишкана ачылат

Жарыяланган

2026-24-08, 10:22

Чүйдө айнек чыгарган жаңы ишкана ачылат

Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы августтун аягында ишке кирип, 300 адамды жумуш менен камсыздайт.

Ишканада айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер чыгарылат. Өндүрүштүн көлөмү айына 12 миң чарчы метрге, ал эми жылына 144 миң чарчы метрден ашат.

Букл долбоордун максаты- ички рынокту ата мекендик айнек продукциясы менен камсыз кылып, импортко болгон көз карандылыкты азайтуу.

Жаңы ишкананын ачылышы менен Чүй облусунда 300 жаңы жумуш орду түзүлүп, салыктык түшүүлөр көбөйөт. Ошондой эле аймактагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн арттырууга шарт түзүлөт.


Тектеш материалды окуу