akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-17-04, 09:58

    Кадамжайда газобетон чыгара турган ишкана курулууда

    Баткен облусунун Кадамжай районунда «Халмион Пром» компаниясы тарабынан газобетон чыгара турган ишкана курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

    Жеңиш айылында салынып жаткан ишканага керектүү жабдыктар Германиядан алынып келинген. Заводдун курулушуна баш-аягы 14,5 млн доллар каралган. 

    Ишкана жылына 160 миң куб метр продукция чыгара алат. Ал жакта 150 адам жумуш оруну түзүлөт. 

    Курулуш иштерин декабрь айына чейин бүткөрүү пландалууда.


    Тектеш материалды окуу