
Жарыяланган
2026-09-06, 10:50Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектептин курулушу жүрүүдө. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 197 миллион сомду түзөт.
Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1938 чарчы метр болгон төрт блоктон турган мектеп имараты салынат. Анда эки кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат. Мындан тышкары жайкы волейбол, баскетбол жана футбол үчүн атайын аянтчалар каралат.
Долбоор айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга жана окуучулардын заманбап шарттарда билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган.



