Akchabarsearch
Баткенде “Салык күзөт” системасы ишкерлерге тааныштырылды

Жарыяланган

2026-16-03, 17:03

Баткенде “Салык күзөт” системасы ишкерлерге тааныштырылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 16-мартта жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Сапардын алкагында ал аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматкерлер менен салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп, “Салык күзөт” автоматташтырылган аналитикалык системасы тууралуу маалымат берди. Бул система салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун арттырып, мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, көйгөйлөрүн ортого салышты. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө салык кызматынын башчысы аймактагы көмүр өнөр жайынын өкүлдөрү менен да жолугуп, тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулады.


Тектеш материалды окуу