Akchabarsearch
Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран 50 миң сом айыпка жыгылды

Жарыяланган

2026-06-07, 12:23

Баткенде жапайы каманды мыйзамсыз аткан жаран 50 миң сом айыпка жыгылды

Кадамжай районунун аймагынан С.К. аттуу жаран тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок бир баш жапайы каманды мыйзамсыз аткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 12миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жапайы жаратылышка келтирилген зыян үчүн 50 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Жапайы жаныбарлар жаратылыш байлыгы болуп саналат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Аларга мыйзамсыз аңчылык кылуу биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышына олуттуу коркунуч жаратып, экологиялык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизет.

Министрлик жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылыкка жол берген жарандарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүп, келтирилген экологиялык зыян толук көлөмдө өндүрүлөрүн эскертет.
 


Тектеш материалды окуу