Жарыяланган
2025-05-09, 13:31Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан тоо-кен тармагы үчүн жардыруучу заттарды өндүргөн «Учкун ВМ» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бакыт Төрөбаев заводдун ачылышын өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө стратегиялык кадам катары белгиледи. Жардыруучу заттар шахталарда жана тоо-кен иштеринде эле эмес, автомобиль жолдорун, ирригациялык системаларды жана гидротехникалык объектилерди (анын ичинде БДР жана БСРди) курууда да колдонулат.
Заманбап технологиялар менен жабдылган бул ишкананын курулушуна 700 млн сом сарпталган. Завод толук кубаттуулукта иштеп баштаган соң 100дөн ашык жумушчу орду түзүлүп, жыл сайын бюджетке болжол менен 95 млн сом салык түшөрү күтүлүүдө.
"Учкун ВМ" заводу быйыл ачылган 134 өнөр жай объектисинин бири болду. Анын расмий ачылышы КРнын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдө болгон.