Akchabarsearch
Тоо-кен тармагынан төрт жылда өлкө бюджетине 191 млрд сомдон ашык каражат түштү

Жарыяланган

2025-22-10, 17:41

Тоо-кен тармагынан төрт жылда өлкө бюджетине 191 млрд сомдон ашык каражат түштү

2025-жылдын январь-сентябрь айларында тоо-кен тармагынан өлкө бюджетине 42.7 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 16 млрд сомго көп.

Маалыматка караганда, акыркы төрт жыл ичинде тоо-кен компанияларынан мамлекетке 191 млрд сомдон ашык каражат түшкөн.

Быйыл тогуз айда өлкөдө 5.8 тонна алтын, 56.8 кг чачыранды алтын, 3.7 тонна күмүш, 6.4 миң тонна жез, 101.1 миң тонна коргошун, 11.2 миң тонна цинк, 9 млн тонна көмүр,127.8 миң тонна каолин, 1.4 млн тонна гипс, 211.6 миң тонна мрамор, 392.3 миң м³ курулуш куму, 248.9 миң м³ кум-шагы аралашмасы казып алынган.
 


Тектеш материалды окуу